Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Иран кеңири кыргын салуучу куралы жок экендигин айтууда


Бүгүн ирандык чиновник өзөктүк курал боюнча эксперттин “Тегеран өзөктүк курал өндүрүшүн жашырып жатышы мүмкүн" деген сөздөрүн четке какты. Өзөктүк курал боюнча мурдагы инспектор Девид Олбрайт спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Ирандын “Парчин” деп аталган аскерий комплексин өзөктүк куралды изилдөө максатында колдонулушу да мүмкүн деген тыянак чыгарган эле. Анын айтымында, Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик – МАГАТЭ - аталган жерди барып көрүш үчүн Тегерандан уруксат сураган, бирок Иран буга макулдугун берген эмес.

Ошол эле учурда Ирандан ушул жумада МАГАТЭге келген делегациянын жетекчиси Хусейн Мосавиан бул божомолдорду “жалган” деп тааныды. Анын айтымында, МАГАТЭ ырасмий Иранга жогорудагыдай сураныч менен кайрылган эмес. МАГАТЭ азырынча бүгүнкү окуяларга эч кандай жообун бере элек.

XS
SM
MD
LG