Шериктештиктеги көз карандысыз мамлекет башчыларынын Астанадагы эки күндүк саммити бүгүн өз ишин жыйынтыктады. Саммитте президенттер экономикалык карым-катнашка тиешелүү проблемалар менен терроризмге каршы күрөшүүнүн жолдорун талкууга алышты. Сүйлөшүүлөр соңунда эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен билдирүү жасалды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев:
- Айткандай, коопсуздукту күчөтүү максатында өлкөлөрдүн тышкы иштер жана коргоо министрлеринин, ошондой эле, укук коргоо органдарынын арасында жалпы Коопсуздук кеңешин түзүү жолдору каралып жатат, -деди.
Президенттер Түндүк Осетиядагы окуядан кийин Орусия баштаган терроризмге каршы күрөштү колдой тургандыктарын баса белгилешти.
Астанада орус президенти Владимир Путин менен грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвилинин жеке сүйлөшүүлөрү да өттү. Сүйлөшүүлөр учурунда Путин Грузиянын Абхазияны экономикалык жана аскерий басымга алып жатышы проблеманы чечпейт деди.
Ал эми кийинчерээк грузин президенти Орусиянын “кош кабат стандарттагы” саясаты тууралуу учкай айтып өттү.
- Биз Бесландагы окуяларды, дегеле, Орусиядагы сепаратисттердин аракеттерин өтө катуу айыптадык. Ошол эле учурда өзүбүзгө да ошондой эле мамилени күтөбүз. Менимче, бизде бул алкакта жакшы жылыштарды жасоого карата аракет бар, - деди Саакашвили.
Ошондой эле, Шериктештиктеги көз карандысыз мамлекеттердин кеңешине Владимир Путин төрага болуп шайланды. Буга чейин бул кызматты Украинанын президенти Леонид Кучма аткарып турган.