Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Европалык уюм Беслан трагедиясы менен байланыштуу Маскөөгө күнөө такты


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кечээ күнү Вена шаарында атайын доклад жарыялап, Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектеп барымтага алынганда, орус өкмөтү журналисттердин ишине орчундуу тоскоолдуктарды түзгөн деп билдирди. Окуя жөнүндө маалымат чогултууга аракеттенген кээ бир журналисттердин өмүрүнө да коркунуч жаралган. Андан тышкары, барымта жөнүндө толук маалыматты өкмөт өз убагында жарыялаган эмес. Президент Путин алгач барымта боюнча ачык тергөө жүргүзүүгө каршы чыккан, бирок кийин маселе боюнча атайын парламенттик комиссия түзүлгөнүнө макул болду.

XS
SM
MD
LG