БАТКЕН. 17-сентябрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Баткен облусунун беш жылдыгына арналган «Баткенден аянбайлы, калайык» аттуу марафон өттү. Анда алгач сөз сүйлөгөн президенттик админстрациянын башчысы Тойчубек Касымов президенттик админстрациянын атынан беш жүз миң сом таштап, марафонду баштап берди. Кыргыз өкмөтүнүн, министрликтердин, башка облустардын өкүлдөрү, ишкер инсандар, Бишкек шаарында жашаган Баткен аймагынын кулундары да марафонго катышып, өз салымдарын кошушту. Аны белгилүү ырчы Саламат Садыкова менен обончу Апаз Жайнаков баштаган таланттар коштоду. Марафондун эсебине жалпысынан он бир миллион сомго жакын каражат түштү. Бул каражаттын баары облус борборунун инфраструктурасын өнүктүрүү, шаар көркүн оңдоо жана мааракеге арналган иш-чараларды өткөрүү сыяктуу иштерге жумшалат.