БИШКЕК. «Жаңы Кыргызстан» партиясы «Улут Ордо» бирикмесинин катарына кирүүнү болжоп жатат жана бул маселе партиянын жакын арада болуучу пленумунда каралат. Бул тууралуу партиянын лидери Досбол Нур уулу бүгүн билдирди. Анын айтымында, «Улут ордонун» жетекчилеринин бири Дастан Сарыгулов жана «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидерлери Баткен жана Ош облустарын кыдырып, «Улут ордонун» программалары тууралуу калкка маалымат берип келди. Кыдыруу учурунда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктын жүрүшүнө байкоо жүргүзүлгөн. "Биздин маалымат боюнча, көптөгөн талапкерлер миң сомду күрөөгө коё албагандыктан талапкер катары катталбай калды", деп белгиледи Досбол Нур уулу.