Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Маалымат каражаттарынын 2-конференциясы өз ишин аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын республикалык экинчи конференциясы аяктады. Анын эки күнгө созулган ишине Казакстандан жана өлкөнүн жер-жерлеринен журналисттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө аз нускадагы жергиликтүү гезиттердин абалы, радио жыштыктарды бөлүштүрүүдөгү кыйынчылыктар жана сөз эркиндигине байланышкан маселелер талкууланды. Жыйындын катышуучулары бир ооздон байланыштар боюнча мамлекетик агенттик соңку эки жылдан бери радиотелекомпанияларды жыштык менен камсыз кылуу лицензиясын берүүнү создуктуруп, улам 1-2 айга узартуу менен чектелип келе жаткандыгын белгилешти. Бул маселе боюнча конференциянын катышуучулары президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG