Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

«Рентон групп» маселеси парламентте каралды


БИШКЕК. 17-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны «Рентон групп» маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын маалыматын укту. Депутаттарга комиссиянын төрагасынын орун басары, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков отчёт берди. Анын айтымында, өткөн жылдын декабрь айында комиссия түзүлгөндөн бери бир катар иштер жасалып, баалуу кагаздар боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Уран Абдынасыров баш болгон жооптуу жети кызматкерге кылмыш иши козголду. Алардын үстүнөн учурда сот иши жүрүүдө.

Бирок депутаттарды комиссиянын отчёту канаттандырган жок. Алар аманатчылардын акчасын кайтаруу жана чыныгы күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча аракеттер жасалбаганын белгилешти. Талкуунун жыйынтыгы боюнча депутаттар кийинки аптанын башында токтом кабыл алмакчы.

XS
SM
MD
LG