Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:53

Казакстандын бийликтери "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрүн кармашты


АСТАНА. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Ислам Бекишевдин маалыматына караганда, Көкчөтоо шаарында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун эки мүчөсү камакка алынды. Ал ошондой эле өткөн төрт жылдын ичинде Казакстанда "Хизб ут-Тахрир" менен байланышы бар 14 киши жазага тартылганын, алардын көбү кошуна Өзбекстан менен чектеш аймактардан кармалганын белгилеп, топтун активдүүлүгү күчөп баратканын эскертти.

Өзбекстанда март жана апрель айында жардыруулардан 47 киши курман болду. Июль айында АКШ жана Израилдин элчиликтерине жасалган теракттардан Өзбекстанда жети киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG