ВИЛЬНЮС. Литва Kavkazcenter.com деген интернет сайттын ишин токтоторун билдирди. Литванын премьер-министри Альгирдас Бразаускас жумурияттын мыйзамдары террорду пропагандалоого тыйуу саларын, ошондуктан Литвадан чыгып жаткан интернет барагы жабыла турганын билдирди. Сайттын сервери мурдагы советтик диссидент жана саясий туткун Викторас Петкустун үйүндө жайгашкан. Ал Бразаускасты "саясий кысмакка мойун сунду" деп айыптады.