Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Еврокомиссия жардам берет


БИШКЕК. 16-сентябрда каржы министрлигинде «Азык түлүк коопсуздугу» программасынын алкагында меморандумга кол коюлду. Ага кыргыз тараптан каржы министри Болот Абилдаев, экинчи тараптан Еврокомиссиянын убактылуу өкүлү Карина Скарбей кол койду. Европа комиссиясы 1996-жылдан бери бул программанын алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүп келатат жана берилген жардамдын көлөмү быйылкы жылды кошкондо 71 миллион еврого жетти.

Быйыл болсо 9 миллион 500 миң евро гранттык негизде берилмекчи. Ал акчаны Кыргызстан меморандум шартына ылайык төлөм балансын сактоого, азык түлүктү импорттого жана айыл чарбасында, социалдык тармактагы реформаларды колдоого жумшаш керек. Бул тууралуу каржы министрлигинен бүгүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG