БИШКЕК. 19-сентябрда Казакстанда боло турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүш үчүн Кыргызстандан байкоочулар тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, байкоочулар тобунда Жогорку Кеңештин депутаттары, БШКа мүчөлөрү бар. Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атынан Казакстандагы шайлоого байкоочу болууда.