Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Чоңарык айылында аруулануу күнү өттү


БИШКЕК. Кечээ Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чоңарык айылына жакын жердеги «Сейил бакта» аруулануу күнү өттү. Бул тууралуу бүгүн «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев «Азаттыкка» маалымдады. Калкты ыйманга чакыруу максатында уюштурулган бул жыйынга республикадагы 40ка жакын коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 250гө жакын адам катышты. Алар жараткандан элдин күнөөсү үчүн кечирим сурашып, тынчтыкты тилешти. Жыйында «Бата» илимий мекемесинин жетекчиси Кадыр Кошалиев, «Айтыш» коомунун төрагасы Садык Шерниязов, жазуучу Орозбек Айтымбет жана башка коомдук ишмерлер сөз сүйлөп, кыргыз эли үчүн тынчтыкты, бейкуттукту, биримдикти каалап, калкты ыймандуулукка чакырышты.

«Аруулануу күнү» мындан ары жыл сайын 17-сентябрда "Сейил бакта" өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG