Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Жаңы вице-премьер-министр дайындалды


БИШКЕК. Президенттин жардыгы менен Кыргызстандын улуттук телерадио корпорациясынын президентти Токтобүбү Айтикеева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулуп, вице-премьер- министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эми телерадио корпорациянын жетекчилигине Бишкек гуманитардык университетинин ректору Сыртбай Мусаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Токтобүбү Айтикеева өкмөттө социалдык тармакка жооп берет. Мурунку вице-премьер-министр Уларбек Матеев «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси болуп дайындалган эле.

 

XS
SM
MD
LG