Украинада 31-октябрда өтө турган президенттик шайлоогө утурлай, бүгүн Киев шаарында оппозициянын ири митинги болуп өттү. Талапкер Виктор Ющенконун жардамчысы Олександр Зинченконун айтымынды ал Ющенко менен Вена шаарына барганда, экөө тең кокусунан сыркоолоп, ооруканага жаткырылган. Австриялык доктурлар алардан чанда кездешкен вирус тапкан жана Зинченконун айтымында, Ющенкону ууктуруу аракеттери көрүлүүдө. Кызматтан кетип жаткан президент Леонид Кучма болсо азыркы премьер-министр Виктор Януковичтин талапкерлигин колдойт.