Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Казакстандагы парламенттик шайлоого АКШ тынчсызданууда


АКШнын Казакстандагы жаңы элчиси болуп дайындалган Жон Ордвей кечээ күнү Астанада президент Нурсултан Назарбаевге өзүнүн ишеним кагаздарын тапшыргандан кийин, жекшемби күнү өлкөдө өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү учурунда маалымат каражаттары негизинен президент Назарбаевдин "Отан" аттуу жана анын кызы Дарига Назарбаеванын "Асар" аттуу партиялары тууралуу гана кабар берүүдө. Буга чейин ушундай эле тынчсызданууну Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму дагы билдирген.

XS
SM
MD
LG