Ооганстандын түштүгүндөгү Урузган дубанындагы кагылышуулар учурунда бир жаш жигит атып өлтүрүлүп, дагы бирөө жараат алганы үчүн америкалык аскерлердин өкүлү Скотт Нелсон бүгүн кечирим сурады. Анын айтымында, аскерий күзөттүн эскертүүлөрүнө карабай, алар токтогон эмес, ошондуктан ок атылган. Август айында окшош жагдайда үч карапайым адам атып өлтүрүлгөнү үчүн дагы америкалыктар кийин кечирим сураган.