Иран маалымат каражаттарынын айтымында, бүгүн өлкөдө жаңы ракета сыналды. Өлкөнүн батыш аймагында сыноону көрүүгө Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи да келди. Август айында өлкөдө "Шахаб-3" аттуу ракета сыналган, ал Түндүк Кореняны "Но доң" аттуу ракетасынын үлгүсү менен жасалган жана бир миң чакырым алыстыктагы бутага жете алат.