Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Барымтага алынган америкалык жана британиялык жарандар өлтүрүлүшү мүмкүн


"Ал-Жазира" сыналгысынын билдиргенине караганда, америкалык эки жана британиялык бир жаранды Иракта мындан эки күн мурда барымтага алган "Тахвид вал жихад" аттуу уюм эми аларды өлтүрүүгө даярданууда. Уюм америкалыктарга кайрылып, Ирактын "Абу-Грейб" жана "Умм Каср" абактарында жаткан бардык аялдарды 48 сааттын ичинде бошотууну талап кылган. Бул уюмдун жетекчиси йорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркави деп айтылууда, анын башы үчүн америкалыктар 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

 

XS
SM
MD
LG