Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


БИШКЕК. Казакстандын Бишкектеги элчилигинин маалымдоосуна караганда, бүгүн Казакстанда жүрүп жаткан парламенттик шайлоого Кыргызстандан 50 байкоочу көз салууда. Алардын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын беш өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да бар. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан байкоочу катары Кызылордо шаарында жүргөн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмунун президенти Эдил Байсаловдун маалымдоосуна караганда, Казакстанда парламенттик шайлоодо эл активдүүлүк көрсөтүүдө. Бирок электрондук добуш берүү системасынын киргизилишине байланыштуу айрым башаламандыктар орун алууда. Ал эми олуттуу мыйзам бузуу фактылары байкалган жок, деп белгиледи Эдил Байсалов.

XS
SM
MD
LG