БИШКЕК. Кыргыз-тажик чегарасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү октябрь айында Бишкекте болот. Бул тууралуу маалыматты сүйлөшүүдөгү кыргыз делегациясынын жетекчиси, тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева билдирди. Анын айтымында, кайчы пикир туудурбаган чегара тилкелери боюнча эки өлкөнүн эксперттери иш жүргүзүүдө жана ал жерлер боюнча делимитациялоо иштери жакын арада башталышы ыктымал.
Эки мамлекет чегараларын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү 2002-жылдын аягында баштаган жана ошол мезгилден бери тараптар кайсы документтердин негизинде делимитациялоо иштери жүргүлүш керектиги боюнча орток пикирге келе элек.