БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин кыргыз-кытай чегарасынын Жаңыжер, Үзөңгүкууш, Сарыжаз жана Хантеңири участокторуна чегара мамылары орнотулбасын, деп чечим чыгарганына карабай Кытай Эл Республикасынын өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун Бишкекке сапары учурунда кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоонун аякташы боюнча акыркы протколго кол коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети мындай чечимди бейшемби күнү кабыл алган. Ал эми Кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао 21-22-сентябрда Кыргызстанда ырасмий сапар менен болот. Жыйындын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков кыргы-кытай чегарасы боюнча 1996-, жана 1999-жылдары түзүлгөн келишимдер мыйзам бузуу менен парламентте ратификацияланган, ошондуктан акыркы протоколду жактырбоо жөнүндө чечим кабыл алынды, деп билдирди. Ал эми Саламат Аламанов келишим парламентте ратификацияланганын, ал эми комитеттин чечими юридикалык күчкө ээ эместигин белгиледи.