Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Бүгүн БУУнун инспекторлор тобу Түштүк Кореяга келди


Алар өлкөнүн жашыруун өзөктүк эксперименттери жөнүндөгү маалыматты текшермекчи. Бир апталык сапар маалында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин өкүлдөрү эки атомдук борборду кыдырып, жергиликтүү изилдөөчүлөр менен жолугушмакчы.

Мындан 3 жумадай мурун түштүк кореялык окумуштуулар өкмөттүн уруксатысыз эле уранды байытуунун жана плутонийди бөлүп чыгаруунун үстүнөн иштегендиги ачыкка чыгып калган. Бул эки процесс тең өзөктүк курал чыгарууда колдонулат.

Сеул өкмөтү өзөктүк курал жасоо ниети жоктугун кайталап келатканы менен, Пхеньян АКШны кош стандарттуулук үчүн айыптап чыкты.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Кошмо Штаттары өзүнүн “кас саясатынан” баш тартмайынча, Пхеньян өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантпайт.

XS
SM
MD
LG