Но Му Хен Орусияга Казакстандан келүүдө. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн аскерий, энергетика тармагындагы кызматташтыгына, Транскорей темир жолун Транссиб менен кошуу долбооруна байланышкан маселелер талкууланат. Но Му Хен ошондой эле орус президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасынын айланасындагы кризисти да сөз кылмакчы. Орусия жана Түштүк Корея, АКШ, Кытай Жапония менен бирге Түндүк Кореяны өзөктүк программадан баш тартууга ынандырууга аракеттенүүдө. Бул багыттагы көп тараптуу сүйлөшүүлөр азырынча ийгилик бере элек.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Улан Эшматов Прагадан даярдады.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Улан Эшматов Прагадан даярдады.