Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

"Хамас" өз өкүлүнүн өлүмү үчүн Израилден өч алынарын эскертти


"Хамастын" Халид Абу Шамиех аттуу өкүлү кечээ Газа секторунда Израилдин аба соккусунан мерт болгон. Андан башка дагы алты киши жаракат алган. Израил армиясынын билдиргенине караганда, өлтүрүлгөн согушкер "Хамастын" адамдары Израилдин Сдерот шаарын атуу үчүн пайдаланган ракеталарды жасоонун негизги уюштуруучуларынан болгон. Палестиндердин төрт жылга аяк баскан азыркы интифадасы башталгандан бери Израиль көптөгөн согушкерлерди абадан сокку уруп жок кылды. Алардын мындай аракети укук коргоочу уюмдар тарабынан сынга алынып жүрөт.

XS
SM
MD
LG