Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Иран МАГАТЭнин талабын четке какты


МАГАТЭ уюму ишембиде Тегеранды уранды байытуу программасын токтотууга жана ноябрдын 25ине чейин өзөктүк программасы тууралуу толук маалымат берүүгө чакырган резолюция кабыл алган эле. Өлкөнүн өзөктүк программаларды тейлеген жогорку даражалуу өкүлү Хасан Роуханинин билдиргенине караганда, эгер Ирандын маселеси санкция колдонуу үчүн Коопсуздук кеңешине сунушталса, алар МАГАТЭ инспекторлорунун капыстан текшерүү жүргүзүүсүнө да жол бербейт. АКШнын энергетика министри Абрам Спенсер кечээ Иран МАГАТЭ менен толук кандуу кызматташуусу зарыл экендигин билдирди. Вашингтон Иран өзөктүк курал программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүүдө деп эсептейт. Тегеран болсо мындай ырастоолорду төгүндөп келүүдө.

XS
SM
MD
LG