Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Ирактын премьер- министри шайлоо өз убагында өтөрүн убада кылууда


Ияд Аллави бул тууралуу кечээ Лондондо Британ премьери Тони Блэр менен кездешкен соң айтты:

- Биз шайлоону мурда белгиленгендей эле январь айында өткөрүүгө бекем ниеттүүбүз. Биз ал өз учурунда өтүшү, демократия жеңиши үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Террорчулар буга жол бербөөгө аракеттенип жатат. Мен БУУну Иракта шайлоо ийгиликтүү өтүшү үчүн жардам берүүгө чакырам.

Ияд Аллави менен Тони Блэрдин жолугушуусу акыркы эки аптадан бери Иракта жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, шайлоо болорунан шек саноо күчөгөн учурда өттү. Буга кошумча согушкерлердин бир нече топтору мөөнөт белгилешип, талаптары аткарылбаса барымтага алган адамдарын өлтүрөөрүн эскертүүдө.

Алардын бири бүгүн Ирактагы "Абу Грейб" жана "Умм Каср" түрмөлөрүнөн аялдардын баары бошотулбаса, барымтадагы британиялык менен эки америкалыктын өмүрүн кыярын жарыялаган. Америкалык аскерлердин ырастоосунда, аталган эки түрмөдө тең аялдар жок. Экинчи бир топ, эгер эртеңкиге чейин шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрдын жакын санаалаштарынын бири абактан чыгарылбаса, Ирактын жаңы Улуттук гвардиясынын 18 жоокерин өлтүрөөрүн эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG