Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:00

21-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 21-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жеткен жел жүрөт. Бийик тоолорго кар түшүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +17…+22 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21 градус.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +20 градустан …+25 градуска чейин жылыйт.
Ал эми ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18 градус.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, түнкүсүн +12…+14, күндүз +18…+20 градус болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG