БИШКЕК. Эртең Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын алкагында өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ЮНИДО жана Кыргыз өкмөтү тарабынан инвестицияны алга жылдыруу агенттигин түзүүгө арналган "тегерек үстөл" жыйыны өтөт. Жыйында агенттиктин уюштуруу пландары жана юридикалык статусуна байланыштуу маселелер каралат.
Инвестициялык алга жылуу агенттигин түзүү боюнча мамлекет башчысы Аскар Акаев 15-16-июлда Чолпонатада өткөн инвестициялык саммитте демилге көтөргөн. Анда президент экономикалык реформаны жана инвестициялык саясатты жүргүзүүдө, ошондой эле эл аралык донорлордун колдоосу үчүн инвестициялык алга жылуу агенттигин түзүү тууралуу сунуштаган.