Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Конституциялык сот депутаттын арызын кароону улантат


БИШКЕК. 21-сентябрда Конституциялык соттун коллегиясы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын кароону улантат. Чотоновдун жыл башында Конституциялык сотко Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катышууга укугу барбы же жокпу деген маселени тактап берүүнү өтүнүп жолдогон арызы 7-сентябрь күнү карала баштаган. Судья Качыке Эсенкановдун төрагалыгында өткөн ал сот жараянында тараптар козголгон иш менен таанышышкан.

21-сентябрда сот жараянына Мыйзам чыгаруу жыйынынын өкүлү катары депутат Азимбек Бекназаров, Эл өкүлдөр палатасынан депутат Баяман Эркинбаев, арыз ээси Дүйшөн Чотонов катышат. Буга чейин депутат Чотонов өлкө башчы Акаев кийинки президенттик шайлоого катышууга укуктуубу деген суроо менен кош палатанын тиешелүү комитеттерине да кайрылып, карама-каршы жоопторду алган.

XS
SM
MD
LG