Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

ШКУнун Бишкектеги жыйынында олуттуу маселелер каралат


БИШКЕК. 23-сентябрда Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги үчүнчү жыйынында уюмдун алкагында соода-экономикалык, маалымат-технологиялык, экологиялык жана көптөгөн башка тармактардагы кызматташуулардын программасы бекитилет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте тышкы иштер министрлигинде берген маалымат жыйынында Шанхай кызматташтык уюмунун аткаруу катчысы Чжан Дэгуан билдирди. Анын пикиринде, отурумда мындай программанын кабыл алынышы Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүшүндөгү жаңы баскыч болуп калмакчы.

Ушул эле күнү Чжан Дэгуан Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев менен жолугушту. Тараптар аталган уюмдун алкагында саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык, энергетикалык жана башка тармактарда жүргүзүлүп жаткан кызматташтыкты жогору баалашты.

XS
SM
MD
LG