Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

Конституциялык сот Эсептөө палатасынын кызматкеринин арызын канааттандырды


БИШКЕК. Бүгүн Конституциялык сот тарабынан Эсептөө палатасынын Ош, Жалалабат, Баткен облустары боюнча инспекциясынын мурдагы кызматкери Бердибек Апышовдун арызы канааттандырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Турдубай Шеров «Азаттыкка» билдирди. Адвокаттын айтымында, сот Бердибек Апышов мурдагы кызматына кайрадан алынсын деген чечимин чыгарды. Бүгүн эртең менен ачкачылык жарыялаган Апышов сот чечиминен кийин бул акцияны кайра токтотту.

Ал буга чейин да сот адилеттигин талап кылып, ачкачылык акциясын жарыялаган. Бердибек Апышовдун маалыматтарына караганда, ал Эсептөө палатасында иштеп турганда мамлекеттик каражаттын бир нече миллиондогон сому уурдалгандыгы тууралуу фактыларды аныктаган. Анын мындай аракети Эсептөө палатасынын жетекчилигине жакпай, Апышовдон ачылган кылмыш иштерин жабууну талап кылган. Натыйжада, ал Эсептөө палатасынын Ош, Жалалабат, Баткен областары боюнча инспекциясынын башчысы тарабынан күтүүсүздөн кызматтан бошотулган. Ага нааразы болгон Апышовдун арызын төмөнкү сот инстациялары канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG