Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Кытайдын президентинин укуктары дагы бир кызмат менен бекемделди


Кечээ Кытайдын президенти Ху Дзинтао өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жетектөө милдетин мойнуна алды. Буга чейин бул кызматта Жиаң Земин турган. Эми дүйнөдө калкы эң жыш жайгашкан мамлекеттин президенти үч негизги кызматты аткарып калат. Алар президенттик милдет, өлкөдөгү негизги Коммунисттик партияга төрагалык кылуу жана мамлекеттин куралдуу күчтөрүн жетектөө.

Ошентип 61-жаштагы Ху Дзинтао кытай тарыхында Мао Цзэдундан кийинки өз колуна мынчалык көп бийликти алган алгачкы лидер болуп калды. Анткен менен байкоочулар “бул окуядан эч кандай деле олуттуу өзгөрүүлөр болбойт” деп ойлошот.

XS
SM
MD
LG