Ирактын Эн-Насирия шаарында америкалык жана ирактык аскерлердин биргелешкен операциясынын жыйынтыгында августта барымтага алынган бир Иорданиялык айдоочу бошотулду. Колго түшүрүлгөн 16 адам “айдоочуну барымтага алган экстремисттик топтун өкүлдөрү болушу мүмкүн” деп айтылууда. Ал эми өткөн жумада уурдалган америкалык эки жана британиялык бир киши тууралуу эч кандай маалымат жок. Болгону экстремисттер эгерде Иракта камакка алынган аялдар бошотулбаса, барымтадагылдарды өлтүрүшөөрүн билдиришти.