Багдатта сунниттердин жогорку дин башчысына белгисиз адамдар кол салып, өлтүрүп кетишти. Мусулман илимпоздорунун ассоциациясынын өкүлдөрү Шейх Хейзм ал-Зейдини жекшембинин түнүндө Багдаттагы Садр калаасында өлтүрүп кетишкенин маалымдашты. Шийиттердин диний башчысы Моктада ас-Садрдын адамдары кылмышка тийиштиги бар экендигин четке кагып жатышат.
Ошондой эле бүгүн Ирактын Фаллужа шаарында болгон жардыруудан кеминде 2 адам өлүп, үчөөсү жарадар болду. Азырынча жардырууну ким жасагандыгы белгисиз.
Ошол эле убакта Ирактын Улуттук гвардиясынын 18 өкүлүн барымтада кармап турган куралчан адамдардын тобу радикал шийиттердин башчысы Моктада ас-Садрдан колго түшкөн адамды бошотууну талап кылышууда. Бирок Моктада ас-Садр өзү бул окуяларга катыштыгы жок экендигин айтып жатат.
Ал эми араб тилинде чыгуучу "ал-Жазира" телеканалынын маалымдашынча, түркиялык курулуш ишканасы 10 кызматкери барымтага алынганына карабастан, Ирактагы ишмердүүлүгүнө эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизе элек. Аталган компаниянын 10 айдоочусу белгисиз адамдар тарабынан барымтага алынышкан. Барымтачылар эгерде компания Ирактагы ишмердүүлүгүн токтотуп, өлкөдөн чыгып кетпесе, анын кызматкерлерин өлтүрүшөрүн айтышкан.