Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Мухаммед Эл-Барадей Ирандын өзөктүк курал программасы “коркунуч келтирбейт” деп эсептейт. Антсе да “бул мусулман мамлекети эларалык коомчулукту өзүнүн өзөктүк курал жаатындагы аракеттери жана пландары менен жакшы тааныштырышы абзел” деди ал. Эл-Барадей бул билдирүүсүн анын агенттиги – МАГАТЭ – Иранга уранды байытуу программасын токтотуу суранычы менен кайрылгандын эртеси Си-Эн-Эн каналы аркылуу жасады.
МАГАТЭ Иранды 25-ноябрга чейин өзөктүк курал программасы тууралуу толук маалыматты берүүгө милдеттендирген эле. Бирок Ирандын өзөктүк курал программасы боюнча абройлуу өкүлдөрүнүн бири Хасан Роухани МАГАТЭнин бул талабын четке каккан. Ал эле эмес, бүгүн Ирандын маалымат министри Али Юнези “Тегеран уранды байытуу ишин өз эрки менен токтотконун жана эгерде кааласа, эч кандай басымга карабастан, өз эрки менен өндүрө берээрин” айтты.
Бүгүн Орусия Иранга МАГАТЭнин талаптарын аткаруу өтүнүчүн билдирди. Эларалык коомчулук Ирандын өзөктүк курал программасын терең изилдөө зарылдыгын билдиргенден соң, МАГАТЭ бул чечимин кабыл алган эле. АКШ Иранды өзөктүк куралды жашыруун өндүрүп жатат деп айыптайт, ал эми Иран өз кезегинде бул өңдүү айыптарды кескин четке кагып келет.