Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Казакстандагы парламенттик шайлоого нааразы болгондор көп


20-сентябрда өлкөнүн маалымат министри, ошол эле учурда оппозициялык маанайдагы “Ак-Жол” партиясынын теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаев жекшембиде өткөн парламенттик шайлоону “акыйкатсыз болду” деп таанып, нааразылык иретинде өз эрки менен кызматтан кетти.

“Мен шайлоо өнөктүгүнө жана добуштарды бурмалоого активдүү катышкан аткаруу бийлигине мындан ары өзүмдү кошо албайм”, – деди Сарсенбаев.

Казакстандагы шайлоону Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да “ачык жана демократиялык принциптердин негизинде өткөн жок” деп тааныды. ЕККУнун интернеттеги ырасмий сайтында шайлоо учурунда “орой каталар” кетирилгендиги айтылат.

“Казакстандын демократиялык тандоосу” деп аталган оппозициялык партиянын төрагасы Асылбек Кожакметов бийликти добуш берүү учурунда кетирилген “көз бойомочулук жана бурмалоо” аракеттери үчүн айыптады.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, алдыда 43% добушу менен президент Нурсултан Назарбаевдин “Отан” партиясы келатат. Анын артынан президенттин кызы Дарига Назарбаева жетектеген “Асар” партиясы 19%дын тегерегиндеги көрсөткүчү менен турат. Ал эми оппозициялык маанайдагы “Ак жол” партиясы үчүнчү орунда. Ал азырынча 17% шайлоочулардын добушун алууга жетишти.

Жекшембидеги шайлоо Казактандын парламенти - Мажилистин төмөнкү палатасына 77 өкүлдү тандап алуу максаты менен өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG