Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

АКШ Ливияга каршы киргизилген санкцияларды жойду


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели буга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди:

-Президент кол койгон жардык биринчиден 1986 –жылы киргизилген соода санкцияларын, экинчиден Ливия менен аба каттамдары боюнча баардык чектөөлөрдү жойот, үчүнчүдөн Ливиянын өкмөттүк жана башка эсептеринде тоңдурулган 1, 3 миллиард доллардай каражатты бошотот.

Мындай кадам өз кезегинде Ливия "Пан Американ" авикомпаниясынын 1988-жылкы кырсыкта мерт болгон жүргүнчүлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө 1 миллиард доллардан ашуун компенсация төлөп беришине жол ачмакчы. Анда Шотландиянын үстүнөн жардырылган учактан 259 адам каза тапкан. Учактын кыйратылышы үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган Ливия компенсация төлөөнүн акысы үчүн санкцияларды жоюуну талап кылып жүргөн.

XS
SM
MD
LG