Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Казакстандагы шайлоонун соңку жыйынтыгы бүгүн да чыгаар-чыкпасы белгисиз


Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюму парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга жооп берген жок деп эсептейт. Бул тууралуу кечээ ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Игорь Осташ жарыялады.

Өлкөнүн маалымат министри, байыстуу оппозициядагы "Ак жол" партиясынын лидерлеринин бири Алтынбек Сарсенбаев болсо шайлоо "адилетсиз" өткөнүнө нааразылык билдирип, кечээ министрлик кызматынан чегинген.

Бирок Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төраймы Загипа Балиева шайлоо мыкты өткөнүн белгилеп, добуш берүүнүн жыйынтыгы жай чыгып жатканы үчүн электрондук добуш берүү системасын сынга алган оппозициячыл саясатчылар менен журналисттерди күнөөлөдү.

БШК шайлоонун соңку жыйынтыктарын бүгүн жарыялаар-жарыялабасы белгисиз. Баштапкы жыйынтык боюнча алдыга президент Н.Назарбаевдин "Отан" партиясы чыгып, добуштардын 43%ын алган. Экинчи орунда 20%дай добуш менен президенттин кызы Дарига лидерлик кылган "Асар" партиясы. Үчүнчү орунду болсо байыстуу оппозициядагы "Ак жол " партиясы ээлеген. Добуш берүүгө калктын 56%дайы катышкан.

XS
SM
MD
LG