БИШКЕК. “Электростанциялар” акционердик коомунун чакыруусу менен келген Ирандын энергетикалык “SUNIR” ири компаниясынын директору А.Кадходаи Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Ал Кыргызстандын электр кубаттуулугун Иранга экспорттоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле Кадходаи менен “Электростанциялар” акционердик коомунун директору Сагынбек Дордоев Иранга электр кубатын экспорттоонун финансылык-техникалык жагын талкуулайт. Бул тууралуу “Электр станциялар” коомунун басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.
2003-жылдын 25-февралында Тегеранда кыргыз-иран электр тармагындагы кызматташуулар тууралуу меморандумга кол коюлган.
2003-жылдын 25-февралында Тегеранда кыргыз-иран электр тармагындагы кызматташуулар тууралуу меморандумга кол коюлган.