Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргызстан менен Тажикстан биргелешкен машыгууларды өткөрөт


БИШКЕК. 23-25-сентябрь күндөрү Тажикстандын Жергетал районунун аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын коргоо министрликтеринин башкармалыктары менен атайын бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуулары өтөт. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Мындай өнөктүктүн өткөрүлүшү куралчан согушчандар тарабынан Борбор Азия мамлекеттеринин аймагында аскердик-саясий кырдаалды курчутуу, региондун айрым тоолуу аймактарында согуш очокторун ачуу коркунучу бардыгына байланыштуу.

Эки өлкөнүн аскер кызматкерлери бийик тоолуу шарттарда куралчан топторду курчоого алуу, аларды жок кылуу, террорчулукка каршы аскердик операциялар камтылган машыгуулардан өтүшөт. Өнөктүктү өткөрүү боюнча жоопкерчилик Тажикстандын коргоо министринин орун басары Латиф Файзиевге жүктөлгөн.

Машыгууларга Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев жана Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев байкоо жүргүзүшөт.

XS
SM
MD
LG