Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

А.Акаевдин президенттик шайлоого катышуу маселеси каралды


БИШКЕК. Аскар Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышууга укугу барбы же жокпу деген маселени Конституциялык сотто кароо эрте, бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин карама-каршы жооптору талаш-тартыштуу маселе болуп эсептелбейт. Анткени, бул маселе Конституциялык соттон мурда, парламенттин кош палаталарынын жыйындарында каралууга тийиш. Бүгүн өлкөнүн Конституциялык соту Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызынын негизинде ушундай аныктама чыгарды.

Чотонов жыл башында Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша алабы же жокпу деген маселени тактап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Буга чейин депутат Чотонов бул суроо менен Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын тиешелүү комитеттерине кайрылып, биринен "Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша албайт" деген, экинчисинен "Акаевдин кийинки шайлоого катышууга укугу бар" деген жооп алган.

XS
SM
MD
LG