Белград шаарында өтүп жаткан сотто бүгүн Сербиянын мурдагы президенти Иван Стамболичтин уулу Велико Стамболич көрсөтмө берип, анын атасын өлтүрүүгө Слободан Милошевич буйрук берген деп билдирди. Милошевич Стамболичтин шакирти болчу жана Стамболичтен кийин президент болуп шайланган. Азыр Милошевич Гаага шаарында эл аралык сот тарабынан соттолууда жана ал сот бүткөндөн кийин Белграддагы сотко чакыртылат.