Чеченстандын борбору Грозный шаарында бүгүн демонстрация болуп, ага бир миңден ашык адам катышты. Алар жаш чечен кызын зордуктап, андан соң өлтүргөн орус полковниги Юрий Будановдун абактан бошотулушуна каршылык билдирди. 18-жашар Кунгаеваны өлтүргөнү үчүн Буданов 10 жылга эркинен ажыратылууга кесилген, бирок эми ага мунапыс берилип, ал тууралуу кагаздар президент Владимир Путинге жиберилди.