Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Түштүк Кореянын президенти Маскөөгө келди


Түштүк Кореянын президенти Но Му-хен бүгүн Маскөөгө келип, президент Владимир Путин менен жолукту. Анын айтымында, Корея жарым аралында жана деги эле Азия аймагында стабилдүүлүк орнотууга Орусия жасаган салым зор. Путиндин айтымында, эки өлкө ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө эч тоскоолдук жок:

"Биздин байланыштардын акыркы мезгилдеги өнүгүүсү канааттандырарлык. Экономикалык кызматташуу кызуу өнүгүүдө, биз бардык тоскоолдуктарды алып салдык жана бүгүн эч кыйынчылык жок".

Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселелер да талкууланды, Орусия менен Түштүк Корея бул маселе боюнча өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары. Орусия алдында Но Казакстанда болгон.

XS
SM
MD
LG