Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Казакстандагы парламенттик шайлоодо президенттин партиясы жеңди


Жекшемби күнү Казакстанда өткөн парламенттик шайлоодо президент Нурсултан Назарбаевдин "Отан" аттуу партиясы жеңгендиги тууралуу айтылууда. Расми жыйынтыктар жарыялана элек, бирок партиянын өкүлү Амангелди Эрмегиевдин айтымында, "Отанга" шайлоочулардын 43 пайызы добуш берди, президенттин кызы Дарига Назарбаеванын "Асар" партиясы болсо 19 пайыз добуш менен экинчи орунда. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун айтымында, шайлоо демократиялык талаптарга жооп берген жок. Шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыгып, өлкөнүн маалымат министри Алтынбек Сарсенбаев кечээ күнү кызматынан чегинди.

XS
SM
MD
LG