Пакистандын президенти Первез Мушарраф кечээ күнү Нью-Йорк шаарында АКШнын Соода жана өнөр жай палатасындагы жыйында чыгып сүйлөп, Вашингтондун тышкы саясатындагы кемчиликтер тууралуу айтты. Анын пикиринде, эгер АКШ Жакынкы Чыгыш маселесин чечүүгө чыныгы аракет көрбөсө, ал эл аралык террорчулукка каршы согушта дагы жеңе албайт. Мушаррафтын айтымында, көпчүлүк мусулмандар Вашингтондун Палестинадагы саясатын адилетсиз деп баалап, андай саясат жөөттөрдү гана коргоп, арабдарга толугу менен каршы жүргүзүлүп жатат деп эсептейт.