Кечээ күнү кечинде Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттардын баш ордосунда элүүдөн ашык дүйнө мамлекетинин жетекчилери чогулуп, жакырчылык маселесин талкуулады. Жыйында сүйлөгөн Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, бул багытта мурда коюлган максаттар жетишилбей жатат:
- Глобализациянын жетишкендиктери тең бөлүнбөй жатат. Өздөрүн өзү коргой албагандар үчүн эбегейсиз түйшүк жаралууда. Өнүкпөгөн өлкөлөрдүн калкы глобализация жараянынан сыртта калып, анын коркунучуна кабылды. Алар өздөрүн дүйнө экономикасынын кулу болуп сезип калды.
Бириккен Улуттар мурда кабыл алган чечим боюнча, 2015-жылга чейин дүйнөдөгү жакырчылык эки эсеге кыскартылууга тийиш болчу. Азыр дүйнөдө 2 миллиард 800 миллион адам күнүнө бир доллардан кем каражатка жашайт.