Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:19

Иракта имам Муктада ас-Садрдын эки жардамчысы кармалды


Америкалык аскерлер бүгүн Ирактын Нажаф шаарында шийи имамы Муктада ас-Садрдын эки жакын жардамчысы - шейх Ахмед ал-Шайбани жана Сайед Хосам ал-Мусавини камакка алды. Өткөн бейшемби күнү эки америкалык жана бир британиялык жаранды барымтага алган "Тахвид вал жихад" аттуу уюм бир америкалыкты өлтүрүп, калган эки туткунду бүгүн өлтүрүүгө даярданууда.

Уюм америкалыктарга кайрылып, Ирактын 'Абу-Грейб' жана 'Умм Каср' абактарында жаткан бардык аялдарды бошотууну талап кылган, америкалыктардын айтымында, ал түрмөлөрдө бир да аял жок. Он кызматкери барымтага алынган түркиялык бир фирма болсо Ирактагы аракеттерин токтоткону тууралуу жарыялады.

XS
SM
MD
LG