Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн уланта турганын билдирүүдө


Ирандын борбору Тегеран шаарында бүгүн 1980-жылы Иракка каршы башталган согуштун мааракеси белгиленди. Аскерий парадды кабыл алуу учурунда президент Мохамед Хатами сүйлөп, Иран эч качан өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотпойт деп билдирди. Анын айтымында, эгер ал үчүн эл аралык байкоочуларды Ирандан чыгарып жиберүү керек болсо, өкмөт андай кадамга да барат.

- Биз өз чечимибизди кабыл алдык. Эми башкалар өз чечимдерин жасаш керек. Өзөктүк кубат өндүрүүгө биздин табигый жана юридикалык укугубузду алар таанып, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жолун ачууга тийиш, - деди Хатами.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик ишемби күнү кабыл алган чечимге ылайык, Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтотуп, 25-ноябрга чейин бардык өзөктүк ишканалары боюнча отчет даярдап бериш керек.

XS
SM
MD
LG