Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Чернобыль АЭСи боюнча жаңы план кабыл алынды


План мурдагыдай оптимисттик эмес. Азыр иштебей калган станция директорлорунун кечээги билдирүүсүнө караганда, андагы атомдук реакторлор 100 жылга чейин жабык сакталып туруш керек. Ушул мезгилдин аралыгында радиациянын деңгээли реакторлорду бузууга мүмкүндүк бергидей болуп төмөндөйт. Мындан мурда - 1992-жылы түзүлгөн планда Чернобыль станциясы жайгашкан жерди жашыл аймак катары элдин пайдалануусуна берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок директорлордун айтымында, станциянын акыркы реактору жабылгандан берки төрт жыл, бул жакынкы келечекте мүмкүн эмес экендигин көргөздү. Чернобыль АЭСинин төртүнчү реактору 1986-жарылган.

XS
SM
MD
LG